ТЭЦтен катуу үн чыгып, буу чыга баштады. Видео

Видеодон көрүнүп тургандай, ТЭЦте адаттагыдан тыш катуу үн чыгып, уюлгуган буу чыгып жатат. Себептери дагы эле такталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкектеги жылуулук электр борборунан (ТЭЦ) катуу үн чыгып, буу чыга баштады.

"Электр станциялары" ААКнын маалымат кызматы билдиргендей, ТЭЦтеги көрүнүш Бишкекте электр жарыгы өчүрүлгөндөн кийин келип чыккан. Кошумча маалымат бериле турганы айтылды.