БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы ооруканаларда коронавируска кабылгандарды жаткыруу үчүн 66 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалымат 28-октябрь күнү саат 8:00гө карата берилди.
Коронавирус дагы 522 кишиден табылып, бир бейтап көз жумду
- Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 2;
- Улуттук фтизиатрия борбору — 8;
- Улуттук хирургия борбору — 6;
- Улуттук госпиталь — 0;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 18;
- №1 шаардык клиникалык ооруканасы — 0;
- Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 2;
- Темир жол ооруканасы — 0;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 10;
- Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 3;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 17.
Кошумча маалыматты стационарлардын картасында көрсөтүлгөн номерлер аркылуу тактоого болот.