Эльвира Сурабалдиева вице-премьерлик кызматка киришти

Буга чейин өкмөт башчынын орун басарлыгын аркалаган Аида Исмаилованын талапкерлиги эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына сунушталып, колдоо тапкан эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik.Эльвира Сурабалдиева Кыргызстандын вице-премьер-министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сурабалдиева вице-премьерликти ким сунуштап, кантип макул болгонун айтты

Эскерте кетсек, Сурабалдиеванын талапкерлигин алгач Жогорку Кеңештин тармактык комитети колдоп, андан соң депутаттар жалпы жыйында карашкан. Натыйжада эл өкүлдөрү өкмөттүн жаңы мүчөсү үчүн бир добуштан макул болушкан. Сурабалдиева Аида Исмаилованын ордуна келди, эми социалдык тармакты тескемекчи.