Бишкектеги кайсы ооруканада бош орун бар? Тизме

Акыркы маалыматтарга караганда, Улуттук кардиология жана терапия борбору менен темир жол ооруканасында бош орун калбай калган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы ооруканаларда коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн 145 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирме 28-октябрь күнү саат 8:00гө карата берилди.

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 2;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 5;
  • Улуттук хирургия борбору — 7;
  • Улуттук госпиталь — 81;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 0;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 18;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 3;
  • Темир жол ооруканасы — 0;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 9;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 4;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 16.