Шашкалактаган, кайра кайталаган министрлер. Өкмөт мүчөлөрүнүн ант берген сүрөттөрү

Sputnik

"Кызматка киришип жатып, өз элимдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана президентинин алдында КР Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз милдеттеримди ак ниет менен берилип аткарууга, Кыргызстан элинин алдында кызмат кылууга ант беремин! Берген антымды бузган учурда КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын", — дешти өкмөт мүчөлөрү.

 

1 / 23
5-6-марттагы элдик толкундоолордон кийинки алмашкан өкмөт мүчөлөрү жана премьер-министрдин ант берүү аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болду. Эшиктен кирип келе жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров жана ЖК төрагасы Канатбек Исаев
2 / 23
Премьер-министр Садыр Жапаров ант берип жаткан учуру. Ал учурда 52 жашта
3 / 23
Артем Новиков буга чейин экономика министри болуп турганда ант берген. Бул сапар биринчи вице-премьер катары антын кыргызча айтты
4 / 23
Максат Мамытканов антын берди
5 / 23
Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева өзүнүн иш кабинетине жетекчи катары бара элек, бирок ант берди. Себеби талапкерлигин депутаттар ага бир нече саат калганда колдогон
6 / 23
Дагы бир вице-премьер Равшан Сабировдун ант берген учуру
7 / 23
Өкмөттүн аппарат жетекчиси, мурдагы акыйкатчы Бактыбек Аманбаев ант берди
8 / 23
Ички иштер министри Улан Ниязбеков ант берди
9 / 23
Юстиция министри Марат Жаманкулов антын айтты
10 / 23
Финансы министри Кыялбек Мукашев ант берди
11 / 23
Ант берген экономика министри Санжар Мукамбетов мурдагы өкмөттө иштеп, бирок кызматында калган жалгыз жетекчи болду
12 / 23
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Конституцияга колун койгонду унутуп калып, төрагадан эскертүү алды. Ал антты кайрадан берди
13 / 23
Транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиевдин ант берип жаткан учуру
14 / 23
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев антын берди
15 / 23
Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев ант берди
16 / 23
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да өмүрүндө өкмөт мүчөсү катары биринчи ирет ант берди
17 / 23
Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков ант берди
18 / 23
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев ант берди
19 / 23
Премьер-министр Садыр Жапаров менен УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин дос экендиги мурдатан белгилүү
20 / 23
КРдин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрнис Тердикбаев да биринчи ирет ант берди
21 / 23
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагымбаев да антын айтты
22 / 23
Бүгүнкү иш-чара Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Алтынбек Исмаиловдун берген анты менен аяктады
23 / 23
Ант берүү аземи аяктап, Жапаровду төрага Исаев жана Ташиев коштоп чыгып кетишти