Токмокто базар өрттөнүп, аны өчүрүп жатышат. Видео

Базардагы дүкөндөрдүн бириндеги тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Токмоктогу "Булак" базарынын аймагындагы жалынды өрт өчүрүүчүлөр чектегендигин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Өрттүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жүктөлгөн.

Базардагы дүкөндөрдүн бириндеги тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткен. Жалынды саат 21:12де чектөөгө алышкан.