Кыргызстандыктар ЕАЭБ аймагынан ишти мобилдик тиркеме менен таба алат

Тиркеме ЕАЭБде жашаган ар бир адам тезирээк жумуш таап алуу үчүн түзүлгөн. Россия бийлиги ишке мигранттарды эле эмес, өзүнүн жарандарын да орноштурууну көздөйт.
Sputnik

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. ЕАЭБ аймагында 2021-жылы мигранттар жумуш таап алууга ылайыкталган тиркемени ишке киргизишет. Бул туурасында Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин айтканын РИА Новости жазды.

"ЕАЭБге мүчө-өлкөдө жашаган ар бир адамдын жумушту тез таап алышына ылайыкталган биздин ресурстардын мобилдик тиркемеси дээрлик даяр болуп калды. Аны 2021-жылы алып чыгып, көрсөтүп бергенге үмүт кылып жатам. Муну менен көптөрдү, анын ичинен орус тилинде сүйлөгөн, биринчи иретте биздин биримдиктеги өлкөлөрдүн жарандарын Россияга ишке тартабыз деп ойлоп турам. Эгерде кимдир бирөөлөр союздун мүчөсү болгон мамлекетте иштеп келүүсүн кааласа, аларга да жол ачык болот", — деген Мишустин.

Алыбаев: ЕАЭБ алкагында бирдиктүү электрондук эмгек биржасы ишке кирет

Евразиялык экономикалык комиссия быйыл "Работа без границ" деп аталган жумуш издеген порталды ишке киргизген. Ал биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн аймагынан жумуш караштырууга мүмкүнчүлүк берген.

Мишустин ЕАЭБди түзүүдө төрт алым-катташты эркин орнотуу боюнча макулдашуу болгондугун белгиледи. Биримдикти түзүүдө товарлардын эркин өткөрүлүшү, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын эркин болушуна шарт түзүү маселеси күн деминде турат.