БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровдун иштен бошотулган коомдук башталыштагы кеңешчиси Акылбек Жапаров аны издешкен үч күнү ооруп калгандыгын айтты.
"Мен ооруп калдым эле. Кемчилигим, Садыр Жапаровго кабарлап койбогондугум болду", — деди ал бүгүн.
Жапаров премьерге кеңешчи болгонун айтса, Бакиров какшыктап күлкүгө салды. Видео
Буга чейин премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров анын жаңы дайындалган коомдук кеңешчиси жок болуп кеткендиктен, аны бошоткондугун айткан эле.