Чек араны коргойм! Пашиняндын жубайы Карабахка бара турганын айтты

Буга чейин Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери жолугуп, Тоолуу Карабах маселесинде элдешүүгө жетишкенин айтышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Армениянын премьер-министри Никола Пашиняндын жубайы Анна Акопян даярдоо курстарынан өтүп, андан соң Карабахты коргоого бара турганын Facebook баракчасы аркылуу жар салганын РИА Новости жазды.

Буга чейин Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери жолугуп, Тоолуу Карабах маселесинде элдешүүгө жетишкенин айтышкан. Ок атууну токтотуу 26-октябрда саат 08:00дө (Бишкек убактысы боюнча 10:00) күчүнө кирмек.

"Эртеңден баштап 13 адамдан турган аялдардын отряды аскердик машыгууну баштайт. Булардын арасында мен да бармын. Бир нече күндөн кийин биз мекендин чек арасын коргоого аттанабыз. Мекен менен намысты алдырып жибербешибиз керек", — деп жазган Акопян.

Буга чейин Карабахтагы ызы-чууга катышуу үчүн Пашиняндын уулу Ашот мобилизацияланган.

"Кан төгүп жатышат". Карабахта россиялык тынчтык орнотуучуларды ким күтөт?

Карабахтагы абал

Аймакта кырдаал 2020-жылдын 27-сентябрында курчуй баштаган. Учурда Баку менен Ереван бири-бирин чатактын баштоочусу катары күнөөлөп келет.

Армения согуштук абал киргизип, жалпы мобилизация жарыялаган да, 18ден 55 жашка чейинки эркек кишилердин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган.

Азербайжанга да коменданттык саат киргизилип, жарым-жартылай мобилизация жарыяланган.

Бул чатактын кесепетинен адам өмүрлөрү кыйылууда. Дүйнөлүк коомчулук эки тарапты эсине келип согуш отун токтотууга чакырган.