Ош шаарында батир өрттөнүп, куткаруучулар 60 адамды эвакуациялады. Сүрөттөр

Калаадагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт саат 15:05те чектөөгө алынып, саат 15.34тө толугу менен өчүрүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Ош шаарындагы көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, 60 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бүгүн калаанын Алай көчөсүнүн №35 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 4-кабатындагы батир күйгөн.

Жалын саат 15:05те чектөөгө алынып, саат 15.34тө толугу менен өчүрүлдү.

Өрт чыккан подъездде жашаган 60 адам куткаруучулар тарабынан эвакуацияланган. Бактыга жараша, жабыркагандар жок.