Күндөн-күнгө азаюуда. Бишкектин ооруканаларындагы бош орундардын саны

Күн санап бош орундардын саны азая баштаганы байкалууда. Алсак, кечээ борбор калаадагы ооруканаларда 121 бош орун болсо, бүгүн 99у гана калганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы ооруканаларда коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн 99 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирме 27-октябрь күнү саат 8:00гө карата берилди.

Министр: той-аштарга чектөө кайра күчөтүлүшү мүмкүн

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 5;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 4;
  • Улуттук хирургия борбору — 5;
  • Улуттук госпиталь — 7;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 23;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 18;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 4;
  • Темир жол ооруканасы — 3;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 9;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 5;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 16.