Финпол: алтын казган компаниянын 9 млрд. сом салык төлөбөй жүргөнү аныкталды

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен катталды.
Sputnik

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Социалдык фонд жана Салык кызматында иштеген кызматкерлер аралашкан коррупциялык схема аныкталды. Бул туурасында Экономикалык кылымыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдирди.

Маалыматта мындай коррупциялык иштердин кесепетинен мамлекеттик бюджетке 9 миллиард сомдон ашуун каражат түшпөй калганы айтылат.

Сыймык Жапыкеев: Финпол ишкерлер менен ачык диалогго даяр

"Жогоруда белгиленген кызмат адамдары колундагы бийлигин пайдаланып жең ичинен каражат алып туруу үчүн мыйзамга каршы келген байланыш түзгөн. Бул үчүн коомчулуктун жана мамлекеттин кызыкчылыгына кооптуулук жараткан алтын казуучу "КГ.К." компаниясына артыкчылыктарды берген. Мунун натыйжасында компания салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөбөй келген", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен катталды. Учурда тергөө жүрүп жатат.