Балбак Түлөбаев ишке киришери менен эки вице-мэр кызматтан кетти

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев дайындалды. Эми ал Бишкек шаардык кеңеши кайра шайлангыча, тагыраак айтканда, 2021-жылдын апрелине чейин мэрдин милдетин аткарат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкек мэринин орун басарлары Виктория Мозгачева менен Алимбек Абдылдаев ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

"Турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Алимбек Абдылдаев менен социалдык саясат боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева иштен кетти", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди. Себеби

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев дайындалды. Жаңы башчыны жамаатка өкмөт аппаратынын жетекчиси Бактыбек Аманбаев менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров тааныштырды.

Эми Түлөбаев Бишкек шаардык кеңеши кайра шайлангыча, тагыраак айтканда, 2021-жылдын апрелине чейин мэрдин милдетин аткарат.