Уркуя Салиева — өмүр баяны

Отузга чыкпай жатып эркиндик үчүн жанын берген Жумабай кызы (Салиева) Уркуя 1910-жылы (кээ бир маалыматтарда 1907-жылы) Ош облусунун азыркы Ноокат районунун Тактек (Беш-Бурхан) кыштагында жарык дүйнөгө келген.
Sputnik

Энеси Бүбүкан менен атасы Жумабай ошол кездеги кедей-дыйкандардын катарындагы үй-бүлөлөрдүн бири болгон. 

Уркуя Салиева — өмүр баяны

Эмгек жолу:

  • 1928 — Түштүк кыргызстандык кыздардын алгачкыларынан болуп комсомолдун катарына өткөн;
  • 1928-жыл, октябрь —1-Май айыл кеңешинин төрайымы;
  • 1929-жылы райондогу алгачкы "Кызыл аскер" колхозун уюштурган.
  • 1930-жылы ВКП(б)нын мүчөлүгүнө кандидат катары кабыл алынган;
  • 1932-жылы Коммунисттик партиянын катарына биринчилерден болуп өткөн.
  • 1932-1933 — 1-Май (Меркит-Мүркүт) айыл кеңешинин раиси;
  • 1934 — "Кызыл аскер" колхозунун раиси;
  • 1934-жыл, 6-февраль — түн ичинде басмачылар мыкаачылык менен Уркуя Салиева жана күйөөсү Колдош Салиевди мууздап кетишет. Уркуянын аркасында үч баласы — сегиз жашар кызы Айниса, үч жашар уулу Кеңеш, беш күндүк ымыркайы калат. Бирок алгач ымыркайы чарчап калат, андан кийин ата-энесинин мууздалып жатканын өз көзү менен көрүп турган кызы Айниса тилден калып, узак жашабай каза болот. Балдарынын ичинен Кеңеш гана тирүү калган.

Өлүмдөн кийинки өмүрү:

  • 1966 — жазуучу Насирдин Байтемиров Уркуя Салиева тууралуу "Тарых эстелиги" деп аталган тарыхый-документалдуу романын жазган;
  • 1972 — режиссёр Төлөмүш Океев "Отко таазим" ("Уркуя") кинофильмин тарткан;
  • 1978 — Скульптор Тургунбай Садыков, архитектор Геннадий Кутателадзе прототиби Уркуя Салиева болгон "Революциянын каармандарына" эстелигин тургузушкан.