БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Вируска каршы дары-дармекти көзөмөлү жок эле колдоно берүү адамдын иммунитетине терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу РИА Новости аллерголог-онкоиммунолог Даниил Щепеляевдин айтымына таянып кабарлады.
Адис белгилегендей, адам өзүн-өзү дарылаган учурда организмде баланс бузулуп, иммунитеттин түшүүсүн шарттайт.
"Вируска каршы дары-дармектердин баары иммундук системага таасирин тийгизип, коркунуч алып келет", — деди дарыгер.
Өтө катаал айлар келе жатат. ДССУ башчысы мектептерди жабууга чакырды
Щепеляев өзү билемдикке салып азитромицин антибиотигин колдонбоону сунуштады. Адатта медиктер бул дарыны коронавируска кабылган бейтаптарга бактериялык пневмонияны жок кылуу үчүн жазып берет. Өнөкөт оорулары жок ден соолугу чың адамдар бул дарыны колдонсо аллергиялык реакцияга алып келиши ыктымал.