ЕАЭБде жүк ташуучу унааларга навигациялык мөөр коюлат. Түшүндүрмө

Навигациялык мөөр — жүк ташуучу унааларга коюлчу электрондук каражат. Анын жардамы менен товар кайсы жакта экенин гана билбестен, жүк тууралуу бардык маалыматты алууга болот.
Sputnik

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Евразия экономикалык бирикмесинде (ЕАЭБ) товарларга навигациалык мөөр коюу боюнча келишим даярдалып жатат. Бул тууралуу Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Руслан Давыдов билдирди.

Ал "Евразия экономикалык бирикмеси менен "Бир алкак — бир жол" долбоорунун байланышы" видеофорумунда сүйлөдү.

"ЕАЭБде товарларга навигациалык мөөр коюу боюнча келишим даярдалып жатат. Бул эмнени түшүндүрөт? Жүккө атайын электрондук каражат тагылат. Анын жардамы менен товар кайсы жакта экенин гана билбестен, жүк тууралуу бардык маалыматты алууга болот. Бул текшерип жаткан учурда товар менен адамдын байланышын азайтат", — деди Давыдов.

Анын айтымында, навигациалык мөөрлөр Россияда колдонула баштады.