БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кытайда айыл чарба азыктарына талап өсөрүн кытайлык СOFCO International компаниясынын директорлор кеңешинин башчысынын орун басары Сун Сюаньи билдирди.
Ал Евразиялык экономикалык комиссиянын аянтчасында ЕАЭБ менен Кытай демилгесинин өз ара кызматташтыгына арналган "Бир алкак — бир жол" деп аталган видеофорумда сөз сүйлөдү. Сун Сюаньи айым пандемия дүйнөлүк экономикага таасирин тийгизгенин эске салды.
Кризис учурунда ЕАЭБден кайсы товарлардын экспорту өскөнү айтылды
"Бул көйгөйлөргө карабастан айыл чарба азыктарынын рыногу активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Бул азыктарды импорттоого талап өсөт. Бул Кытайдын жана дүйнөлүк рыноктун тенденциясы. 2019-жылы биздин компания ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жалпы суммасы 110 миллион доллар болгон 322 тонна буудай, май, суу жана башка азыктарды сатып алган", — деп белгиледи Сюаньи.
Ал кошумчалагандай, компания өз ишинде бир катар принциптерди карманып, анын ичинде биргелешкен пайдага жетүүгө кызыкдар болуп келет.