1936-41-жылдары Ленинград хореографиялык окуу жайында билим алган.
Эмгек жолу:
1941-жылы — Опера жана балет театрынын солисти;
1949-жылдан тарта Бишкектеги хореографиялык окуу жайынын педагогу;
1955-1962 — Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты;
1962-1970 — СССР Жогорку Советинин депутаты;
Балеттик партиялары:
1943 — "Селкинчек", Зайнура;
1944 — "Чолпон", Чолпон;
1947 — "Раймонда", Раймонда;
1949 — "Бахчисарай фонтаны", Мария жана Зарема;
1950 — "Ак куулар көлү" Одетта-Одиллия;
1950 — "Анар", Анар;
1953 — "Кызыл кызгалдак", Тао-Хоа;
1953 — "Чолпон", Айдай;
1955 — "Эсмеральда", Эсмеральда;
1956 — "Уктап жаткан сулуу", Аврора;
1960 — "Куйручук", Зейнеп;
1962 — "Ромео жана Жульетта", Жульетта;
"Асел", Асел;
"Корсар", Медора;
"Ала-Тоодогу жаз", Сайра;
"Франческа да Римини", Франческа;
"Чоң вальс", Фанни;
"Лауренсия", Лауренсия;
"Дон Кихот", Китри;
"Болеро" музыкасына солист.
Сыйлыктары:
1947-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1954-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти, ал эми 1958-жылы СССР эл артисти наамын алган. 1970-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.
Мындан тышкары, Эмгек Кызыл Туу, Ардак Белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Үй-бүлөсү:
Композитор Акмат Аманбаевге турмушка чыгып, 1946-жылы Эрмек аттуу уулдуу болушкан.
1973-жылы 11-майда каза болуп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
1994-жылдын 11-апрелинен тартып өлкөдө 5 сомдук номиналда Бүбүсара Бейшеналиеванын сүрөтү түшүрүлгөн. Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиева атындагы көчө бар. Бийчинин аты Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна берилген. Ордо калаадагы Опера жана балет театрынын алдына эстелиги орнотулган.