БШК парламенттик шайлоону өткөрүүгө тыюу салган соттун чечимине даттанат

Конституция боюнча, парламенттик шайлоону кайра өткөрүүнү эки айдын аралыгында уюштуруу шарт. Бирок Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдырып салган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону өткөрүүгө тыюу салган соттун чечимине каршы даттанат. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Боршайком Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүү күнүн 20-декабрга белгилеген. Бирок Бишкек шаардык административдик соту 24-октябрда БШКнын ал токтомун жокко чыгарып салган.

"Учурда кийинки инстанцияга даттануу боюнча документтер даярдалып жатат", — деп билдиришти маалымат кызматтан.

Садыр Жапаров эки шайлоо тең март айына чейин бүтүп каларын айтты

Конституция боюнча, парламенттик шайлоону кайра өткөрүү эки айдын аралыгында уюштурулушу шарт. Бирок Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени 1-июнга чейин токтото туруу мыйзамын кабыл алган. Ал документке президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да кол койгон.

Ал арада парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны 48ге жетти.