БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.
26-октябрь күнү саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, ооруканаларда 118 орун бар. Кечээ буга салыштырмалуу бир аз көп болчу.
COVID-19. Дарыгер өзүн-өзү дарылоонун кесепетин айтты
- Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 2;
- Улуттук фтизиатрия борбору — 6;
- Улуттук хирургия борбору — 4;
- Улуттук госпиталь — 15;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 29;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 20;
- Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 1;
- Темир жол ооруканасы — 8;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 9;
- Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 9;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 15.