Нурмагомедов октагонго чыгарына үч жума калганда бутун сындырып алган

Хабибдин командасынан билдиришкендей, турнирге аз убакыт калганда спортчунун эки манжасы менен таманындагы бир сөөгү сынган. 
Sputnik

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюмунун башчысы Дана Уайт россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов америкалык атаандашы Жастин Гэтжи менен кармашарга үч жума калганда бутун сындырып алып ооруканага кайрылганын билдирди. Бул тууралуу Р-спорт жазды.

"Нурмагомедов кармашка үч жума калганда бутун сындырып алып, ооруканага түшүптүр. Анын эки манжасы менен таманындагы бир сөөгү сынган. Муну мага мушкердин командасынан айтышты", — деген Уайт журналисттерге.

Хабиб менен Гэтжи беттешкен UFC 254 турниринин эң кызуу ирмемдери. Видео

Жекшембиге караган түнү Абу-Дабидеги Яс аралында UFC 254 турнири өтүп, Нурмагомедов Гэтжини үч бурчтук ыкмасы менен жеңип, чемпиондук наамын сактап калды. Беттештен кийин Хабиб спорттук карьерасын жыйынтыктаганын билдирди.