Коронавирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 1 134 адамдын өмүрүн алды. Жуктургандардын саны 55 750гө жетсе, анын ичинен 47 616сы айыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө коронавирустан төрт адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

COVID-19дан көз жумгандардын жаңы учурлары:

  • Чүй облусу – 1;
  • Баткен облусу – 1;
  • Ош облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1.

Жалпысынан алганда Кыргызстанда COVID-19 1 134 адамдын өмүрүн алды. Жуктургандардын саны 55 750гө жетсе, анын ичинен 47 616сы айыкты.