БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Көпчүлүк чыдамсыздык менен күткөн Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжинин чемпиондук наам үчүн беттеши өтүп, россиялык мушкер экинчи раундда жеңишке жетти.
Муну менен Нурмагомедов 29-ирет октагонго чыгып, 29-жеңишин камсыздады.
Хабиб атаандашына үч бурчтук ыкмасын колдонгон. Гэтжинин эси оогондон кийин рефери беттешти токтотту.
Мелдеш аяктагандан кийин Хабиб көпкө чейин көз жашын тыя алган жок. Эскерте кетсек, мушкер насаатчы, машыктыруучу болгон атасы Абдулманап Нурмагомедовдон жайында айрылып калган.
Бул беттеш 24-октябрга караган түндө Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында өткөн UFC 254 мелдешинин башкы беттеши болду.