БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik.Хабиб Нурмагомедов спорттук карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу мушкер бүгүн UFC 254 мелдешинде Жастин Гэтжини үч бурчтук ыкмасы менен утуп алгандан кийин жыйынтыктоо сөзүн сүйлөп жатып билдирди.
Спортчу мындай чечимди апасынын өтүнүчү менен кабыл алган.
“Баарына рахмат! Машыктыруучуларга рахмат! UFC уюмуна рахмат! Мага күйөрмандык кылгандардын баарына ыраазычылык билдирем. Бул менин акыркы беттешим болду. Спортту жыйынтыктадым.
Гэтжи менен беттеш менин атамдын максаты болчу. Эгерде сиздерде ата-энеңер болсо, аларды урматтагыла. Азыр менин апам эле калды. Ошондуктан мен апам менен болууга аракет кылам”, — деди Нурмагомедов.
Хабиб UFC мелдешинде 29 жолу беттешке чыгып, баарын жеңген биринчи мушкер болуп калды.