Казакстанга кирип-чыгуунун жол-жобосу

Бөрүбаева белгилегендей, коңшу өлкөгө аба каттамы аркылуу бара аласыз, бирок автоунаа менен кирүүгө баарына эле уруксат бериле бербейт.
Sputnik

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстандын жарандары Казакстанга кантип бара аларын Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева айтып берди.

Ал белгилегендей, коңшу өлкөгө автоунаа менен кирүүгө баарына эле уруксат бериле бербейт. Чек арадан төмөнкү категорияга кирген жарандар өтө алат:

  • Казакстандын жараны болгон жакын тууганы (аялы/күйөөсү, балдары, ата-энеси) болсо;
  • медициналык кызматка муктаж болуп жатса (кабыл алуучу тараптын чакыруусу керек);
  • кандайдыр бир мамлекеттик программага катышып жатса;
  • Казакстанда туруктуу жашоого уруксаты болсо.

Коңшу өлкөгө аба каттамы аркылуу дагы бара аласыз. Эскерте кетсек, Казакстан эртеңден тарта аба каттамдарынын санын кыскартат. Кыргызстанга Алматы — Бишкек — Алматы ("Эйр Астана") маршруту жумасына эки ирет каттайт.

Белгилей кетсек, коңшу мамлекет COVID-19га тест тапшырбаган жарандарды өз аймагына киргизбейт. Андыктан Казакстанга кирчүлөрдүн жанында сөзсүз ПЦР-тесттин жыйынтыгы болушу шарт.