Карьерасын жыйынтыктаган Нурмагомедов алдыдагы пландарын айтты

Ишемби күнү Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында өткөн UFC 254 мелдешинде Хабиб Нурмагомедов америкалык каршылашы Жастин Гэтжини утуп, жеңишке жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Чемпиондук титулун коргоп калган Хабиб Нурмагомедов UFC уюмундагы карьерасын жыйынтыктаганын айтып, жакында жаш муундагы мушкерлерди тарбиялаган машыктыруучу катары кайтып келиши мүмкүн экенин билдирди.

“Жакында бийиктикке кайтып келебиз” , -  деген спортчунун видеосу анын экинчи машыктыруучусу Хавьер Мендестин Instagram баракчасына жарыяланды.

Мендес Хабиб Нурмагомедовго “машыктыруучу болуп келесиңби” деген суроо узаткан. Буга мушкер ансыз деле Мендеске көп жылдан бери жардам берип келе жатканын айткан. Ал эми Мендес “мындан ары дагы көп жылдар бою жардам бересиң” деп жылмайган.

Ишемби күнү Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында өткөн UFC 254 мелдешинде Хабиб Нурмагомедов америкалык каршылашы Жастин Гэтжини утуп, жеңишке жетти. Муну менен 32 жаштагы Нурмагомедов 29-ирет октагонго чыгып, 29-жеңишин камсыздады.

Хабиб менен Гэтжи беттешкен UFC 254 турниринин эң кызуу ирмемдери. Видео

Беттеш аяктагандан кийин мушкер бул UFC мелдешиндеги акыркы кармашы экенин жар салды.