Араванда милиционерди себепсиз уруп жиберди делген киши кармалды

Милиционердин жаракатын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Кылмышка шектүү 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Sputnik

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Оштун Араван районунда милиция кызматкерине кол көтөргөнгө шектүү делген адам кармалды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Окуя 23-октябрь күнү саат 17:20лар чамасында Юсупов айыл аймагында болгон.

"ИИМдин Күзөт кызматынын Аравандагы бөлүгүнүн милиционери, 24 жаштагы кенже сержант кызматтан кийин табелдик ок атуучу куралын тапшырып, үйүнө бара жаткан. Ошол учурда жергиликтүү 37 жаштагы Э.Д. аттуу тургун милиция кызматкерин оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, эч себепсиз эле бетке жана моюн тарабына уруп жиберген", — деп айтылат маалыматта.

Оштон автоунаа айдай качкан жаранды Токтогулдун инспектору кууп жүрүп кармады

Милиционердин жаракатын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ага кол көтөргөн киши иштебейт, буга чейин эки ирет "Ээнбаштык" беренеси боюнча соттолгон.

Факты Араван РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат. Шектүү 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди.