Ысык-Көлдө унаа жолун бойлой туристтер үчүн 17 STOP түйүнү курулат

Облус жетекчиси бул туристтер келип кызыктырган маалыматтарын алууга ылайыкташкан объект болорун айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Балыкчы — Каракол — Бөкөнбаев унаа жолун бойлой туристтер тыныгуу ала турган 17 маалыматтык борбор (STOP түйүнү) курулат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Балбак Түлөбаев координациялык кеңештин облустук жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ал жерде жатакана, ажатканалар жана эс алуу жайы болот. Беш STOP түйүнү Дүйнөлүк банктын эсебинен салынмакчы.

"Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, беш түйүн үчүн жерлер бөлүндү. Калгандары Өнүктүрүү фондунун эсебинен курулат. Аны башкаруу формасы муниципалдык же жеке-мамлекеттик өнөктөштүктүн шартында болушу мүмкүн", — деди Түлөбаев.

Облус жетекчиси бул туристтер келип кызыктырган маалыматтарын алууга ылайыкташкан объект болорун кошумчалады.