ТИМ жетекчиси Казакбаев: өлкөдөгү башаламандыкка сырткы күчтөр да аралашты

Министр Казакбаев ар бир өлкөнүн өзүнүн экономикалык, коопсуздук жаатындагы кызыкчылыктары болоруна токтолгон.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыкка өлкөнүн ичиндеги эле эмес, сырттагы чагымчыл күчтөр да аралашты. Бул тууралуу КРдин тышкы иштер министри Руслан Казакбаев РИА Новостиге берген маегинде айткан.

"Башаламандык саясий партиялар менен бийликтин ортосундагы саясий пикир келишпестиктен эле жаралбагандыгын белгилеп кетким келет. Башаламандык, албетте, өлкөнүн ичиндеги эле эмес, сыртындагы чагымчыл күчтөрдөн улам да болду. Конкреттештирип токтолгум келбейт. Муну мен Москвадан да талкууладым", — деген Казакбаев.

Казакбаев бюджетти колдоо боюнча РФ президентинин өкүлү Козак менен сүйлөштү

Министр кайсы күчтөр экендигин тактаган жок.

"Ар бир өлкөнүн өзүнүн экономикалык, коопсуздук жаатындагы кызыкчылыктары болот. Кыргызстандагы окуяда кайсы бир күчтөр өзүнүн геосаясий эсебине пайданы көздөдү, албетте, экономикалык жана коопсуздук боюнча жана өзүнүн саясий, идеологиялык баалуулуктарын таратуу аракеттери болду", — деген министр Казакбаев.

Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийин 5-октябрда эл нааразы болуп толкуп, борбордук "Ала-Тоо" аянтына чыккан. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги митингчилерди кеч курун кууп таратып, бирок түн ичинде эл Ак үйдү алган. Ошондон кийин бийлик алмашкан.

Кагылышууда бир адам каза таап, аскерлер менен митингчилерден 1,2 миң киши жабыркаган.