Ошто 160 жоокер ант берип, чек араларга бөлүштүрүлдү. Сүрөттөр

Ант берүү аземине өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал эске алынуу менен бардык санитардык талаптар сакталып, аскер кызматкерлердин жакындары катышкан жок.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бүгүн, 24-октябрь күнү, Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын базасында 2020-жылдын күз айларында аскердик милдет өтөө үчүн чакырылган 160 жоокер салтанаттуу ант берди. Бул тууралуу аталган кызмат билдирди.

Ант берген жоокерлер чек ара отряддарында жалпы аскердик даярдыктан өтүшкөн.

Жаш жоокерлер аскердик ант берген соң Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан чек ара пункттарына бөлүштүрүлөт.

"Ата Мекендин алдында өзүңөрдүн милдетиңерди татыктуу аткарып, эгемендүү Кыргызстандын чек арасын талыкпай кайтарасыздар деп терең ишенем. Чек ара аскерлери — бул абройлуу аскердик тармак. Ошондуктан сиздерге өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн коргоо жоопкерчилиги жүктөлдү", — деди Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Ильгиз Талипов.

Кыргыз жоокерлери Беларустагы ЖККУнун аскердик машыгуусуна барбайт

Ант берүү аземине өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал эске алынуу менен бардык санитардык талаптар сакталып, аскер кызматкерлердин жакындары катышкан жок.