Ош мэри КРдин кубогун уткан "Алай" клубуна акчалай сыйлык тапшырды. Сүрөттөр

Иш-чара шаардагы борбордук стадиондо өтүп, мэр клубду камкордукка алууну, каржылоону көбөйтүүнү убадалады.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов футбол боюнча Кыргызстандын кубогун уткан "Алай" клубун куттуктап, 200 миң сом тапшырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара шаардагы борбордук стадиондо өтүп, калаа башчысы футболчуларга ыраазычылык айтты.

"Дордой" футбол клубу мөөнөтүнөн мурда өлкө чемпиону болду

"Футбол күйөрмандары үчүн жакшы маанай тартууладыңыздар. "Алай" командасы өз тарыхында Кыргызстандын кубогун алгачкы жолу 2013-жылы утуп алган. Намыска жарап, ат салышкан бардык командаларды артка калтырып, быйыл тарыхта экинчи ирет кубокко ээ болуп отурасыздар. Бул спорттук жеңишиңиздер үчүн жалпы шаардыктардын атынан сиздерге чоң ыраазычылык билдирем", — деди мэр.

Мэр ошондой эле азыркы кезде шаар бийлиги клубду мүмкүн болушунча камкордукка алуунун, каржылоону көбөйтүүнүн аракетин көрүп келе жатканын кошумчалады.

"Келээрки жылы клубдун бюджети дагы көбөйтүлүп, шарт түзүлөт", — деп белгиледи Сарыбашов.

"Алай" футболдук клубу төрт жолу өлкө чемпионатын, эки жолу Супер кубокту жана эки жолку Кыргызстандын кубогу мелдешин утту. Алдыда АФК кубогу үчүн болгон мелдештер өтөт.

22-октябрда Оштун "Алай" футболдук клубу 2020-жылдагы Кыргызстандын кубогу мелдешин утту. Финалдык беттеште алар Кант шаарынын "Абдыш-Ата" командасын 1:0 эсебинде жеңип алышты. Оюндагы жалгыз жана жеңүүчү голду алайлыктардын чабуулчусу Соломон Инкум беттештин 36-мүнөтүндө киргизген.