COVID: Кыргызстанда соңку суткада төрт киши көз жумду

Кыргызстанда бир нече күндөн бери коронавирустан каза болгондордун саны үзүлбөй жатат. Соңку суткада 556 кишинин инфекция жуктуруп алгандыгы маалым болду.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстанда дагы төрт киши коронавирустан каза тапкандыгын Республикалык штаб билдирди.

COVID-19 илдетинен жана пневмониядан каза болгондордун жаңы учурлары:

  • Чүй облусу – 1;
  • Бишкек – 1;
  • Ош облусу – 1;
  • Баткен облусу – 1.

Коронавирус Кыргызстанды каптагандан тарта жалпысынан 1 130 адам көз жумду.