Хабиб Нурмагомедовдун менеджери коронавирус жуктуруп алды

Менеджер коомчулукка кайрылып, өзү жана айланасындагылар менен байланышта болгондорду сактык чарасын көрүүнү эскертти.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) жеңил салмактагы чемпиону, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун менеджери Али Абдель-Азиз коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ал кечээ өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Менеджер бул аптада ооруканада ден соолугуна кам көрөрүн билдирген.

"Достор жана кесиптештер, көңүл бургула, менин COVID-19 илдетине кабылганым аныкталды. Бул аптада мен ооруканада ден соолугумду чыңдайм. Мени менен же менин айлана-чөйрөм менен байланышта болгон адамдарды сактык чараларын көргүлө деп эскертким келет", — деп жазган ал.

Хабиб Нурмагомедов бүгүн, 24-октябрда, Абу-Даби шаарындагы "Мушкерлер аралы" спорттук жайында UFC уюмундагы жеңил салмактагы чемпиондук наамын коргоо үчүн америкалык Жастин Гэтжи менен беттешке чыгат.

Хабиб менен Гэтжинин беттешин качан жана кайсы жактардан көрүүгө болот

Кечээ мушкерлер беттеш алдында салмагын текшеришкен. Россиялык мушкер салмагы ашып калып, толук чечинип кайра түшкөн.