Айдоочуларга эскертүү! Төө-Ашууда түндөн бери кар жаап жатат. Видео

Транспорт жана жолдор министрлиги алыскы сапарга аттанган айдоочуларга унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну сунуштады.
Sputnik

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашууда түндөн бери кар жаап жатат.

Ашуудан тартылган видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, түнкү саат 03:00дөн бери Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларына бийиктиги 5-10 сантиметрге жеткен кар түштү.

Таңкы саат 05:00дөн бери жолчулар трассаны тазалап жатышат. Учурда жол ачык.

Министрлик айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, чынжыр алып жүрүүгө чакырды. Ошондой эле унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы керектигин эскертишти.