Ош облусунда жер титиреди

Силкинүүнүн күчү Алай районунун Кичи-Каракол, Гежиге, Ак-Жай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Sputnik

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кечээ, 22-октябрда, саат 19:46да Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ маалымдады.

Ага ылайык, силкинүүнүн күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.

Жалал-Абад облусунун аймагында кайрадан жер титиреди

Алай районунун Кичи-Каракол, Гежиге, Ак-Жай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.