Кыргызстанда COVID-19га каршы дары 1,5 айга жетет. Бир шарт бар...

Кыргызстандын саламаттык сактоо мекемелеринде өлкөнү каптаган тумоого каршы күрөшүүдө колдоно турган дары-дармектердин 322,4 миллион сомдук кору бар.
Sputnik

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Эгерде коронавирус менен ооругандардын саны азыркы эпидемиологиялык кырдаалда 10 миң кишиден ашпаса, дары-дармек бир жарым айга жетет. Бул туурасында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) маалымат кызматынан кабарлашты.

COVID-19 эпидемиясы башталгандан тарта ММКФ консолидардык бюджетинен саламаттык сактоо мекемелерине дарыга жана медициналык багытта пайдаланчу каражаттарга 1,6 миллиард сом бөлгөн.

Дүйнөлүк уюм коронавирусту дарылоодо пайдасы жок дарыларды атады

"Учурдагы эпидемиологиялык абалда эгерде 8 000 -10 00 адам ооруп калса, коронавируска каршы саламаттык сактоо мекемелериндеги дары-дармектер 1,5 айга жетет", — деп билдиришти.

ММКФ 92 позиция боюнча калган дарылар тууралуу маалыматтарды топтоп турары айтылды.

Алар саламаттык сактоо мекемелеринде дары-дармектердин 322,4 миллион сомдук кору бар деген маалыматты таратышты.

  • Бишкек — 45,7 миллион сом;
  • Ош облусу — 179 миллион сом;
  • Жалал-Абад облусу — 41,6 миллион сом;
  • Баткен облусу — 20,4 миллион сом;
  • Чүй — 13,6 миллион сом;
  • Нарын облусу — 12,9 миллион сом;
  • Ысык-Көл облусу — 7 миллион сом;
  • Талас облусу —5 миллион сом.