БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.
23-октябрь саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, ооруканаларда орун жетиштүү, жалпы 349 орун бош.
Пандемияга дагы бир сокку. Россияда үчүнчү вакцина сыноодон өтө баштады. Видео
- Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 5;
- Улуттук фтизиатрия борбору — 10;
- Улуттук хирургия борбору — 7;
- Улуттук госпиталь — 29;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 29;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 7;
- Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 218;
- Темир жол ооруканасы — 1;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 21;
- Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 6;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 16.