УКМК: Бишкекте парктын аймагына көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулуп калган

Комитеттен билдиришкендей, экологиялык экспертиза жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык, сейил бактын аймагына үй курууга болбойт.
Sputnik

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкектеги Ахунбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдү куруп жатканда эреже бузулганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Кылмышка Мамэкотехинспекция, Бишкек башкы архитектура, Мамлекеттик архитектуралык курулуш жана Мамлекеттик экспертиза кызматынын өкүлдөрү шектелүүдө.

Маалыматка караганда, үйдү курууга 2019-жылы мыйзамдарды бузуу менен уруксат кагазы берилген.

"Экологиялык экспертиза жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык, парк, сквер, жашылдандырылган жол жээктерине курулуш тургузууга тыюу салынат", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Күнөөлүүлөр аныкталууда.