БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Автоунаага кышкы дөңгөлөктөрдү абанын табы күн сайын +5...+7 градус болуп калганда таккан туура. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине автотранспорт боюнча адис Егор Васильев билдирди.
Анын айтымында, дөңгөлөк чыгарган ишканалардын бардыгы айдоочуларга дал ушундай кеңеш берет.
Ылдамдыкты азайтып, фара күйгүзүүнү унутпаңыз! Көлгө бара жаткандагы жол эрежелери
"Бирок күздүн күнү эртели-кеч суук болгону менен күндүз күн жылып, асфальт ысып кетерин унутпагыла. Дегеним, кышкы дөңгөлөктөр ысык асфальтты жактыра бербейт. Мындай нерселерди дагы эске алып коюу керек", — деди Васильев.
Андыктан адис айдоочуларга дөңгөлөктү алмаштырып алган соң күн ысып кетсе, автокөлүккө зыян келип калбаш үчүн көп кыйнабай, этият урунууну сунуштайт.