Жапаров Зулушевди Башкы прокуратура жамаатына өзү барып тааныштырды

Жапаров жаңы жетекчи Зулушевдин прокуратура жана сот системасында көп жылдап иштеп келген кесипкөйлүгүн баса белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жаңы дайындалган баш прокурор Курманкул Зулушевди эмгек жамаатка өзү барып тааныштырды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жапаров Зулушевдин прокуратура жана сот системасында көп жылдап иштеп келген кесипкөйлүгүн баса белгилеп, оң пикирин айткан.

Президенттин милдетин аткаруучу анын топтогон тажрыйбасы, билими прокуратура органдарына жүктөлгөн негизги милдеттерди аткарууга жардам берет, ал эми жеке түзүм жаңы жетекчиге ар тараптуу колдоо көрсөтөт деген ишенимин билдирген.

Парламент Курманкул Зулушевди башкы прокурор кылып бекитти

"Акыйкаттык болбогон өлкөдө эч качан өнүгүү болбойт, андыктан сиз ушул маанилүү иште мамлекеттин таянычы болушуңуз керек. Мамлекеттин негиздери өзгөрүүсүз калууга тийиш", — деген Жапаров.

Башкы прокурор ишеним көрсөткөндүгү үчүн ага ыраазычылыгын билдирди, милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганына ишендирген.

Эске салсак, кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында мурдагы депутат Зулушевдин талапкерлиги башкы прокурор кызматына жактырылган.

Ал эми Жапаров өзүнүн жарлыгы менен аны аталган кызматка дайындаган.