Садыр Жапаров Азиз Суракматовдун отставкасын кабыл алды

20-октябрда Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалып, Азиз Суракматов кызматтан кете турганы айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка кол коюлду.

Нариман Түлеев кызматтан кетип, мэрдин милдетин Алмаз Бакетаев аткара баштады

"КРдин "Шаардын статусу жөнүндө" мыйзамынын 24-беренесине ылайык, Азиз Суракматовдун кызматтан кетүү жөнүндөгү өтүнүчү кабыл алынып, 21-октябрдан тарта ээлеген ордунан бошотулду", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 20-октябрда Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалып, Азиз Суракматов кызматтан кете турганы айтылган.

Мындан улам Түлеев мэрдин милдетин аткаруучу болуп иштей баштаган, бирок анын бул кызматка келишине каршы болгон эл 21-октябрда мэриянын имаратынын алдына чогулуп, нааразылыгын билдирген.

Нариман Түлеев кызматтан баш тартып, мэрдин милдетин мындан ары вице-мэр Алмаз Бакетаев аткара турган болду.