Нурмагомедов — Гэтжи көз караштар дуэлинде Макгрегор "пайда болду"

Ирландиялык мушкер бул иш-чарадагы сүрөттүн арткы планына өзүнүн гидроциклде келе жаткан сүрөтүн монтаждап кошуп койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. UFC мушкери, ирландиялык Конор Макгрегор Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжинин көз караштар дуэлинде " пайда болду". Чемпиондук кур үчүн өтө турган таймаштын катышуучуларынын бетме-бет жолугушуусунда тартылган сүрөткө ирландиялык өзүн кошуп Instagram аккаунтуна сүрөт чыгарды. 

Кечээ россиялык жана америкалык спортчулар UFC 254 мелдешинде болуучу беттеш алдындагы маалымат жыйын куруп, аягында көз караштар таймашы болгон. Макгрегор бул иш-чарадагы сүрөттүн арткы планына өзү гидроциклде келе жаткан сүрөтүн монтаждап кошуп койгон.

"Этият болгула! Бул жакта Gucci норка пальтосун кийген бирөө яхтасы менен турат!" — деген таризде билдирүү калтырган.

Ал ошондой эле UFC 229 мелдешиндеги беттештен кийинки мушташта бети тытылган Абубакар Нурмагомедовдун сүрөтүн кошуп койгон.

Хабиб көз караштар таймашында жеңилип калды. Тамашалуу ролик

Ирландиялык мушкер буга чейин үч миллион еврого кайык сатып алганын айтып мактанган болчу.