БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik.Тилек Токтогазиев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.
"Конституциянын 87-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Токтогазиев Тилек Мурсалиевич айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды", — деп жазылат маалыматта.
Тилек Токтогазиев 1990-жылы 29-декабрда Бишкекте туулган. Атасы юрист болсо, апасы кол өнөрчүлүк менен алектенет. 19 жашында алгачкы бизнесин ачып, сүт коктейлин сата баштаган. Бирок бир айдан кийин күркөгө уурулар кол салып, акчасын алып кеткен. 2019-жылы "Бир Бол" фракциясынын атынан айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына талапкер болгон, бирок кызмат буюрган эмес.
"Кыргызфильм" киностудиясына жаңы жетекчи дайындалды
4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого "Ата Мекен" саясий партиясы менен аттанган. Бирок анын партиясы жеңишке жеткен эмес. Мындан улам шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыккан. 9-октябрда "Ала-Тоо" аянтында саясатчылардын тарапташтарынын кагылышынан улам жаракат алган.