БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясын жуктурган төрт киши көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Алардын бири Баткен, бири Ош облусунун, дагы экөө Бишкек шаарынын тургундары.
Бул оору Кыргызстанды аралагандан бери 1 122 адамдын өмүрүн алды.
Саламаттык сактоо министрлиги санитардык нормаларды сактоону, бет кап тагынуу керектигин элге улам-улам эскертүүдө.