Футбол: "Алай" Кыргызстандын кубогу мелдешин утту

Алайлыктардын чабуулчусу Соломон Инкумдун башы менен киргизген жалгыз голу финалдык беттештин тагдырын чечти.
Sputnik

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Оштун "Алай" футболдук клубу 2020-жылдагы Кыргызстандын кубогу мелдешин утту. Финалдык беттеште алар Кант шаарынын "Абдыш-Ата" командасын 1:0 эсебинде жеңип алышты. Оюндун жүрүшүн Kyrgyz Sport TV youtube каналы түз алып көрсөттү.

Биринчи бөлүктүн 36-мүнөтүндө алайлыктардын 28-катар санындагы чабуулчусу Соломон Инкум стандарттык абалдан чыгарылып берилген топту башы менен киргизип, финалдык беттештин тагдырын чечти.

Муну менен "Алай" клубу Кыргызстандын кубогун акыркы 10 жылдын ичинде экинчи ирет утуп, Азия футбол конфедерациясы кубогунун квалификациялык стадиясына жолдомо алды.

"Дордой" футбол клубу мөөнөтүнөн мурда өлкө чемпиону болду

Футбол боюнча өлкө кубогу борборлоштурулган форматта Кант шаарында өттү. Ага чемпионатта экинчиден сегизге чейинки орунду ээлеген командалар катышкан.

"Алай" финалга чейинки жолдо "Каганат", "Нефтчи" командаларын уткан.

Акыркы 10 жылда бул мелдешти Бишкектин "Дордой" клубу алты, канттык "Абдыш-Ата" эки жолу утса, өткөн жылы Кочкор-Атанын "Нефтчи" клубу жеңген.