БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Марат Пирназаров "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
Президенттин аппаратынын жетекчи орун басары дайындалды
Ошондой эле өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен "Унаа" ишканасынын директору болуп Турусбек Түмөнбаев дайындалды. Аны Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы сунуштаган.