Уайт: Нурмагомедов — Гэтжи беттеши UFC тарыхындагы эң ири таймаш болот

Азырынча эң ири беттеш катары Нурмагомедов менен Макгрегордун беттеши саналууда. Кармашты түз алып берүү укугун 2,4 миллион колдонуучу сатып алган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) президенти Дана Уайт россиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжи кармаш промоушендин тарыхында эң ири беттеш болорун белгиледи. Бул тууралуу ал TMZ Sports маалымат булагына билдиргенин РИА Новости жазды.

Спортчулар 24-октябрда "Мушкерлер аралы" спорттук жайында өтүүчү UFC 254 мелдешинде жекеме-жеке чыгышат. Марада учурда Нурмагомедов ээлик кылган промоушендин жеңил салмактагы чемпиондук кур турат.

"Бул ири беттеш экени көп күттүрбөй эле маалым болот. Кармаштын эртесинде, дүйшөмбү күнү эле биз буга күбө болобуз. Көпкө созулбайт, бейшемби күнү эмес, жума күнү да эмес, беттештен кийинки эле дүйшөмбү күнү...",  — дейт Уайт маегинде.

Эң мыкты ыкмалары камтылган! Хабибдин турнир алдындагы проморолиги чыкты

Анын маалыматы боюнча, Нурмагомедов — Гэтжи таймашына кызыккандардын саны күн сайын арбып баратат. Уайт бул беттеш акы төлөнүүчү трансляциялардын сатылганы боюнча UFC уюмунун рекордун жаңыртат деп күтүлгөнүн билдирет. Бул жаатта азырынча эң алдыңкы көрсөткүч Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттешине таандык. 2018-жылдын октябрь айында жеңил салмактын чемпиондугу үчүн болгон кармашты түз алып берүү укугун 2,4 миллион колдонуучу сатып алган.

Эскерте кетсек, бүгүн бул титулдук беттештин алдындагы маалымат жыйын өтөт.