Түркияда эң ылдам учкан көгүчкөндүн ээси "алтын кур" тагынды

Эдирне провинциясында көгүчкөндөр жарышы өтүп, ага Түркия жана Болгариядан жалпысынан 1 172 канаттуу катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Түркияда эң ылдам учкан көгүчкөн аныкталып, анын ээсине сыйлык катары "алтын кур" тагылды. Бул тууралуу "Анадолу" агенттиги жазды. 

Маалыматка ылайык, Түркиянын түндүк-чыгышындагы Эдирне провинциясында салтка айланган көгүчкөндөр жарышы өткөн. Ага Түркия жана Болгариядан жалпысынан 1 172 канаттуу катышкан.

Эрежеге ылайык, Болу провинциясынын Гереде районунан учурулган көгүчкөндөр 500 чакырым аралыкты басып өтүп, Эдирнедеги Караагаж районуна чейин учуп келиши керек болчу.

Мына чыныгы мелдеш! Пилдердин суудагы жарышы видеодо

Жергиликтүү жашоочу Манис Юнус Ташчы таптаган көгүчкөн биринчи болуп 7 саат 20 мүнөттө келген. Жеңүүчүнүн ээсине "алтын кур" жана кубок тапшырылган.

Бурсанын жашоочусу Озкан Эймен баккан канаттуу экинчи келсе, стамбулдук Ахмед Жавдардын көгүчкөнү үчүнчү болуп марага жетти.

Уюштуруучулар марага келген алдыңкы 30 көгүчкөндүн ээлерин да баалуу белек менен сыйлаган.