Ташкенттиктер рекорд коюп, узундугу он метр шишкебек жасашты. Видео

Шашлыкты даярдоого 38 килограмм фарш керектелип, бирок аны 15 мүнөттө эле бышырып коюшту.
Sputnik

Ташкенттеги "Навруз" паркында өткөн гастрономиялык фестивалда 10 метрлик шишкебек жасап рекорд коюшканын Sputnik Өзбекстан билдирди.

Кыргызстанда "Элечек жумалыгы — 2020" иш-чарасы башталды

Тамак бирдей куурулушу үчүн узун мангалдын жанында бир нече тажрыйбалуу ашпозчу чебердик менен көз салып турушту. Келген элди зериктирбей фестиваль ыр, бий менен да коштолду. Кебаб даяр болгондо аны ченеп, каалагандардын баары сатып алууга мүмкүн болгондой даярдашты.