Садыр Жапаров: абакта жатканда коронавирус менен ооруп айыктым

Өкмөт башчы өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча күн сайын кабар алып турарын, ооруканалар дары-дармек, медициналык каражаттар менен камсыз болорун билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абакта жатканда коронавирус менен оорудум. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров BBC радиосуна маек берип жатып билдирди.

Жапаров дартты дары чөптүн жардамы менен жеңгенин белгилеген. Анын айтымында, дары чөп бир гана коронавируска эмес башка ооруларга дагы, мисалы, ашказандын рагына дагы миңдин бири. Аны кыргыздар илгертеден колдонуп келген.

"Ачык айтканда, Кара-Балтанын Финполициясынын кызматкерлеринин көбү коронавирустан атайын дары чөптүн жардамы менен айыгышты. Андан үй-бүлөсү менен сакайгандар болду. Ал дарыны Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге сыноодон өткөрүп көрүш керек", — деди Жапаров.

Коронавирус: Бишкектеги ооруканаларда 400дөн ашуун бош орун бар

Мындан сырткары, ал өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча күн сайын кабар алып турарын, ооруканалар дары-дармек, медициналык каражаттар менен камсыз болорун кошумчалады.